"Сосновка" постунда оор жүк ташыган унааларга чектөө кирди

Өлкөнүн Транспорт министрлиги "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилгенин кабарлады.

Анда маалымдалгандай, азырка тапта Бишкек–Ош унаа жолунда кар жаап, №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунда да (60-чакырымы) саат 16:45тен тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Азыркы тапта аймакты караган №36 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери инерттик материалдарды чачып жатышат.

Министрлик айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан