Кыргызстанда Даша Ажа каймана аты менен белгилүү болуп келе жаткан хип-хоп ырчысы тейлөө кызматында иштеген кызматкерлердин мамлекеттик тилге болгон мамилесин сынады. Ал тейлөө жайларын кыдырып, анда иштегендерди кыргыз тилинде жооп берүүсүн талап кылган. Тарткан видеосун социалдык баракчасына бөлүшүп, билдирүү калтырган.
"Менин оюмча, кафелерде, ресторандарда, дүкөндөрдө жана башка жайларда кызматкерлер кыргыз тилинде сүйлөп, жооп бериши керек. Анткени алар биздин өлкөнүн жүзүн түзүшөт", - деп жазган билдирүүсүндө.