Издөө салынат! Бишкекте 16 жаштагы Сезим Жумагулова сентябрдан бери табылбай жатат

10-сентябрда Бишкекте үйүнөн чыгып кеткен 16 жаштагы Сезим Жумагулова изделет. Бул туурасында Ленин РИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 19-сентябрда милицияга Ж.Р., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда Сарбан айылынын Алжанбай көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 2008-жылы туулган арыздануучунун кызы Сезим Жумагулова чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги айтылган.
​Кийген кийимдери: хиджаб
​Белгилери: бою болжол менен 160-165 сантиметир, дене түзүлүшү арык, чачы узун кара, кашы-көзү кара.
Милиция Сезим тууралуу маалыматка ээ болгондорду төмөнкү номурлар аркылуу байланышууну суранат: 0(312) 35-29-47, 0(700) 86-09-09,0(777)86-97-97,0(553)10-28-80 ошондой эле кыска “102” номуруна.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан