"Өз көзү менен текшерсе болот". Дайырбек Орунбеков цирктеги шыптын урап калышы боюнча билдирүү таратты (видео) 

Мамлекеттик цирктин капиталдык оңдоодон кийин шыбы урап түшкөн эмес. Бул туурасында 13-ноябрда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасынан билдирүү таратып, видео менен бөлүшкөн.
Анын айтымында, социалдык баракчаларда тарап жаткан видео циркте оңдоо иштери жүрүп жаткан убакта тартылып, пайдаланууга берилген соң тарап жатат.
"Социалдык тармактарда мамлекеттик цирктин капиталдык оңдоодон кийин шыбы урап түшкөнү көрсөтүлгөн эски видео тарады. Чынында, бул видео оңдоо иштери жүрүп жаткан кезде тартылган. Ошол учурда жумушчулар кошумча жарык берүү үчүн шыптын бир бөлүгүн убактылуу алып салышкан. Ошондо жарыктын жетишсиз экени аныкталып, аны жакшыртуу чечими кабыл алынган. Азыр эч кандай бузулуу же зыян жок. Каалаган адам барып, муну өз көзү менен текшерсе болот", - деп калтырган Орунбеков өз билдирүүсүндө.
Мамлекеттик цирк
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан