Бүгүн, 14-ноябрда "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга киргилген убактылуу чектөө алынды. Бул туурасында Чүй ЖКККБ кабарлады.
Анда айтылгандай, учурда Бишкек–Ош жолу каттам үчүн ачык.
Белгилей өтсөк, кечээ, 13-ноябрда саат 16:45тен тарта "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген болчу.