Чүй облусунун Сокулук районунда жашаган 9 жаштагы кыз дайынсыз болууда. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Андагы маалыматка ылайык, 2015-жылы туулган Ажар Бейшенова аттуу өспүрүп кечээ, 13-ноябрда саат 12:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал эми кыздын жакындары Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жардам сурап кайрылышкан.
Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, иликтөө иштери башталды.
Кыздын өзгөчө белгилери: бою 130-135 сантиметр, чачы кара узун, арыкчырай, көзү күрөң. Кийген кийими: кара капюшону бар ак куртка, шым, ак кроссовка.
Милиция көргөн-билгендер болсо төмөндөгү байланыш номурларга кабарлап коюуңуздарды суранат.
0312 607567; 03134 53380; 0701 801803.