Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөөгө бүгүн, 14-ноябрда 29 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 16 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 8 адам жана 6 дүрбү, 2 авариялык куткаруу унаасы тартылды.
Алар Жылан-Арык айылынан баштап Актал-Чатты көздөй жана 8-Март айылынан Нарын шаары тарапка суу жээктеп издөө иштерин жүргүзүшөт.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери уланууда.