Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары республикалык бюджеттин эсебинен министрлик жана ведомстволор үчүн сатылып алынган атайын техникалардын көргөзмөсүнө барышты.
Көргөзмө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратынын алдында уюштурулду.
Тактап айтканда, айыл чарба, транспорт, энергетика, санариптештирүү, экология, курулуш, каржы жана саламаттыкты сактоо тармагындагы атайын техникалар көрсөтүлдү.
Мындан тышкары көргөзмөдө ата мекендик өндүрүш товарлары жана айыл чарба продукциялары коюлган.