Иорданиянын Амман шаарында Кыргыз улуттук "Манас" театрынын филиалы ачылды. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган шаардагы кыргызстандыктар арасында "Манас" айтуу кароо-сынактары өткөрүлдү.
"Амман шаарындагы "Манас" театрынын филиалынын ачылганы Кыргызстан жана Иордания өлкөлөрүнүн маданий, руханий багытын өнүктүрүү менен бирге эки өлкөнүн тарыхын сактоого жана урматтоого, жергиликтүү тургундар менен мекендештерибиз үчүн "Манас" эпосу баштаган улуу дастандарыбыздан байма-бай таанышып турууга мүмкүндүк берет", - деп билдиришти мекемеден.
Мекемеден филиалдын расмий өкүлүнө унаа берилгенин кошумчалашты.