Сузак районунда 32 жаштагы келин 10 жаштагы кызы менен дайынсыз жоголуп, 2 айдан ашык убакыттан бери изделип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, Сузак районунун Мундуз айылынын Аскар-Ажы көчөсүнүн тургуну 1992-жылы туулган Токтоматова Гульзина жана анын кызы 2014-жылы туулган Токтоматова Сабина 30-август күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Учурда алардын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, өӊү ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара узун, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: белгисиз.
Дайынсыз болуп жаткан Токтоматова Гульзина жана анын кызы Токтоматова Сабина тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Тел.: 102, (03748) 5 02 09, 0995 77 02 12, 0771 77 02 12.