Мектеп курууга багытталган 111 миллион сомдук жер тилке мамлекетке алынды

Бишкек шаарынын Айкөл конушундагы наркы 111 миллион сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2008-жылы айрым кызмат адамдары 350 орундуу башталгыч мектеп курууга арналган 0,62 гектар жер тилкесин жеке менчикке алып чыгууга көмөктөшкөндүгү аныкталган. Аталган жер бир катар кайра каттоо жол-жоболорунан өтүп, акыркы К.Н.А. аттуу жаранга катталган.

Атайын кызмат учурда Бишкек шаарынын калктуу конуштарындагы социалдык жер тилкелерин менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

14.11.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан