Нарын–Орук-Там унаа жолу жазга чейин жабылды

Нарын-Орук-Там унаа жолу 2025-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришти.

Ага ылайык, Нарын-Орук-Там унаа жолунун Эки-Нарын айылынын 50-чакырым аралыгынан, Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымына чейинки унаа жолу жабылды.

Маалым болгондой, аталган жол кыш мезгилинде аба ырайынын жана жол шартынын татаалдыгынан тейлөөгө мүмкүн болбогонуна, кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири материалдык чыгымдардын болушуна жол бербөө максатында бүгүн, 14-ноябрдан 2025-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды.

Белгилей кетсек, Нарын–Орук-Там унаа жолу ноябрь айынан апрель айына чейин жыл сайын жабылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан