Бишкек шаарындагы айрым шайлоо тилкелери текшерилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков Чыңгыз Айтматов проспектиси 27 дарегиндеги №1046, Жал кичи району 45 дарегиндеги № 1063 жана №1035, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсү 39а дареги боюнча Чоң-Арык МАБда уюштурулган №1053 жана 12-кичи району 23/1 дарегиндеги №1141 жана №1142 шайлоо тилкелерин текшерди.
"УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын айланасында тазалыкты камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды" - деп билдирди мекеме.
Эске салсак, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга белгиленген.