Ош–Сары-Таш–Эркечтам жолу жеңил унаалар үчүн ачылды

Ош облусундагы Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолуна киргизилген чектөө жеңил унаалар үчүн алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, аталган жолдун 170-чакырымынан 200-чакырымына чейинки тилкесине чейин унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 13:50дөн тартып, жеңил унаалар үчүн ачылды.

Белгилей кетсек, унаа жолдо кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана мындан ары жол тыгындарын болтурбоо максатында бүгүн саат 09:30дан баштап убактылуу жабылган.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан