Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жыл аягына чейин 453 жаңы техника менен камсыздалат. Бул туурасында бүгүн, 14-ноябрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратынын алдында өткөн көргөзмөдө маалым болгон.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана эл өкүлдөрү катышкан.
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев алынган техникалар боюнча маалымат берип жатып 20-декабарга чейин 453 даана техника алып келип, пайдаланууга бериле тургандыгын кошумчалаган.
Ага улай Акылбек Жапаров айылга чейин жолдор оңдоло тургандыгын белгиледи..
"Эч ким ишенген эмес, бирок Жалал-Абадда битум өндүрүү боюнча завод иштеп жатат. Таш өзүбүздө бар. Мурункудай 300 метр жол жасап коюу болбойт. Айылдан айылга чейин жолдор салынып, асфальттанат", - деген Жапаров.
Белгилей кетсек, Бишкекте бюджеттин эсебинен сатылып алынган атайын техникалар көрсөтүлүп, жарманкеге ата мекендик өндүрүш товарлар жана айыл чарба продукциялары
коюлган.