Жумгалда жоголгон ата-баланын жакындары билдирүү таратты (видео)

Нарын облусунун Жумгал районунда жоголгон 45 жаштагы жарандын жансыз денеси классташтары жана кайнатасы тарабынан табылды. Ал эми анын уулун издөө иштери уланып жатат. Бул туурасында бүгүн ,14-ноябрда маркумдун жакындары SUPER.KG порталына билдиришти.

Алардын айтымында, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары туура эмес маалыматтарды таратып жаткандыгына байланыштуу, толуктоо иретинде кайрылуу жасашкан.

"Чындыгында президент Садыр Жапаровго кайрылгандан кийин издөө иштери күчөтүлдү. Укук коргоо органдары, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тынымсыз издеп, жакшы иштешти. 13-ноябрда келип "жумасына эки жолу келип карап турабыз" деп издөө иштерин токтотушкан. Бүгүн эртең менен агамдын классташтары, кайнатасы жана айылдаштары өз алдынча айлананы карап келүүгө чыгышкан. Анан ошолор тарабынан агабыздын жансыз денеси табылган. Баласы менен табылыптыр, иттер менен табышты деген маалымат туура эмес. Уулу дагы да изделип жатат", - деп билдиришкен жакындары.

Эске сала кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында маркум Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон. Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-ноябрда Болот Карыпбековдун жансыз денеси табылгандыгы тууралуу ИИМ да маалымат берген.

14.11.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан