Бүгүн, 14-ноябрда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо көрүүсү начар шайлоочулардын укуктарын камсыз кылуу максатында Брайл арибинде басылган атайын бюллетендерди даярдоо жана жеткирүү иштери аяктады. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бул норма ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга (ДМЧА) бирдей шарттарды түзүүгө багытталган.
"Көрүүсү начар шайлоочулар катталган шаарлардагы жана айылдардагы бардык шайлоо участкалары үчүн Брайль арибиндеги бирден бюллетень жана толтурууда ыңгайлуу жана купуялуулукту сактоо үчүн трафарет берилет. Брайль арибинде жалпысынан 983 бюллетень чыгарылган, анын ичинен: 749 бюллетень - шаардык шайлоо участкалары үчүн. Ал эми 234 бюллетень - алдын ала түзүлгөн керектѳѳ карталарына ылайык айылдык шайлоо участкалары үчүн.
Бюллетендерди жана трафареттерди даярдоо сапаты жана колдонууга ыңгайлуулугу боюнча бардык талаптарды эске алуу менен «Учкун» ААКда даярдалды. Борбордук шайлоо комиссиясы өзгөчө муктаждыктары бар шайлоочулар үчүн жеткиликтүү шайлоо чөйрөсүн, анын ичинде атайын материалдарды жана жабдууларды түзүү боюнча ырааттуу иштерди улантууда. Бүгүнкү күндө бардык шайлоо бюллетендери жана трафареттер аймактарга жеткирилип бүттү, ошентип шайлоо участкалары бардык шайлоочулар үчүн жеткиликтүү болушу үчүн толук даяр болот", - деп айтылат маалыматта.