18-декабрдан баштап Бишкек-Москва жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд каттамы жанданат. Бул тууралуу кечээ, 14-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, поезд Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү чыгып, ишемби жана шейшемби күндөрү Москвага келет. Москвадан жекшемби жана шаршемби күндөрү каттайт.
Ал эми билеттердин баалары жүргүнчүнүн жашына, вагондордун категориясына, каттоо түрүнө жана акча алмаштыруу курсуна байланыштуу болот.
Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылса болот: 0705 076696 WhatsApp, (0312) 30-02-09; 30-03-76.
Эске салсак, буга чейин пандемияга чектөөлөр киргизилгенден кийин Бишкектен Москвага эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд каттабай калган болчу.