Бишкек шаарына кийинки жылы гүлдөй турган 190 миң жоогазындын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жазында Эмен багынан, Филармониянын алдынан, Театралдык жана Физкультурный гүл бакчаларынан, ошондой эле Жеңиш, Ататүрк жана Каражыгач токою парктарынан жоогазын гүлүн көрө алышат.
"Бул сезондо жоогазындын ар кандай түрлөрү тигилип, кылдаттык менен тандалып Голландиядан алынып келинет. Борбор калааны "Бишкек жашыл курулуш" МИсинин адистери дизайнердик композициялар менен кооздолушу үчүн көчөт отургузуунун ар бир элементин терең ойлонуу менен пландаган", - деп билдирди мэрия.
Кошумчалай кетсек, калаага пион сыяктуу жоогазындардын түрү жана ак, кызыл, сары, кызгылт жана кызгылт көк түстөгү жоогазын гүлү отургузулган.