Элчи Султанбаев Беларусь өкмөтүнүн орун басары менен жолукту

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев менен Беларусь Республикасынын премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак жолугушту. Бул боюнча ТИМдин маалыматында айтылат.

Анда тараптар ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкекте өтө турган Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынына даярдыктын жүрүшүн талкуулашты.

Жыйындын күн тартибине Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнү кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорт тармактарында кызматташуу, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара байланыш маселелери киргизилген.

Мындан тышкары кыргыз-беларус өз ара кызматташуусунун келечеги жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан