Бишкекте 16-ноябрда фехтование боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өтөт. Мелдеш чоңдор арасында өтүп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдагандай, жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана фехтование федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.
Мелдеш 16-ноябрда саат 10:00 (эркектер арасында) башталат. Ал эми 12:00дө кыз-келиндер арасында мелдеш жүрөт. Дареги: 7-кичи район “Мушкетер” спорт комплекси.