Ошто бир нече курулуш компанияларына айып салынды

Ошто бир канча курулуш компаниялары айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөрдү курууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы үчүн төмөнкү курулуш компаниялары айып пул төлөмөй болушту:

- “Золотой квадрат”;

- “Модерн Стиль”;

- “Амантур Строй Сервис”;

- “Эко-хаус ЛТД”;

- “АртСтройБат”;

- “Эдрус”;

- “Ригель”;

- “Эстет Строй”;

- “Мерудан”;

“Гарант-Строй ЛТД”.

Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 144-беренесине ылайык административдик чара көрүлүп, 2 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан