"Бычагын ыргытып качып". Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү таңга жуук жарандар кызматтык милдетин аткарып жүргөн милиция кызматкерлерине батирлердин биринде белгисиз адамдын бычакталганы тууралуу маалымат беришкен. Укук коргоочулар ыкчам аракеттерди көрүп, дароо күзөт бөлүмүнүн кармоо тобуна билдирүү жасаган.

"Окуя болгон жерден мас абалындагы жаран чыгып, колундагы бычакты ыргытып, изин жашырып кетүүгө аракет кылган. Бул учурда милиция кызматкери тарабынан кармоо чаралары көрүлгөн. Натыйжада шектүүнү үйдүн кире беришинен кармашкан", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми кылмыш болгон батирдин ичинен бычактан жаракат алган адамдын сөөгү табылган. Милиция алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдан улам жасалганын, кармалган жарандын өздүгү такталганын кошумчалады. Шектүү 45 жашта жана мурда соттолгон.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан