Билим берүү жана илим министринин жаңы дайындалган орун басары Надира Жусупбекова эмгек жамаатка тааныштырылды.
Министрлик бүгүн, 15-ноябрда кабарлагандай, Жусупбекованы министрликтин жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жусупбекова министрдин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин бул кызматты Муратбек Касымалиев аркалап келген. Ал башка ишке которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.