SUPER.KG порталынынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караштуу Кут конушунун тургундары айылда электр жарыгы жоктугун айтып нааразы болушту.
Алар маселени чечүү үчүн УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге, өкмөткө кайрылуу жолдошту.
"Биздин айылда свет менен суу чыгат, свет менен жашайбыз. Беш күндөн бери свет жок, суу жок, ысык чай, тамак жок, эл чыгууга мажбур болду. Жыйырма биринчи кылымда жашап жатып биринчи угушубуз "эртең келебиз, бүгүн келбейбиз, кечинде келебиз" деп жооп берип жатышат. Мына кар жаап жатат, бизде свет жок", - деп айтылат видео кайрылууда.
Видео кечээ, 14-ноябрь түнү тартылган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.