Мадриддик “Реалдын” башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти кышкы трансферде клубдан оюнчуларды сатуу жана сатып алуу боюнча пландар жок экенин билдирди. Бул тууралуу европалык басылмалар бүгүн, 4-январда кабарлады.
“Клуб кышкы трансферлерде эч бир оюнчуну сатпайт жана клубга жаңы оюнчуларды алып келбейт”,-деп билдирет италиялык адис.
Эске салсак, учурда ири клубдар курамдарын жаңы оюнчулар менен күчтөндүрүүгө өтүштү. 1-январда расмий түрдө кышкы трансферлер үчүн 1 айлык убакыт жарыяланды.