Ализа Табылды кызы уулу Нурисламдын жашап кетүүсү үчүн элден жардам сурап кайрылды.
Ал баласынын дарылануусуна 28 миң доллар жетпей жаткандыгын айтты.
"Урматтуу мекендештер жана боорукер, кайрымдуу инсандар! Мен сиздерге айласыздан уулумдун (@save.nurislam) келечеги үчүн жардам сурап кайрылып турам. Уулум болгону 9 айлык. Нурислам ДЦПнын оор түрү (GMFCS 4.) менен күрөшүп келет.
Нурислам бардык балдардай кыймылдап, бактылуу балалыкта чоңоюусун каалайм. Бирок биз ал үчүн Түркия мамлекетине барып, дарылануубуз керек. Бир жашка толгуча ал жактын дарылануусунан өтсөк, басып кетүү мүмкүнчүлүгү чоң. Сумма 38 миң долларды түзөт. Биз ал сумманын 10 миң долларын чогултуп койдук. Биз толук сумманы чогултуу үчүн сиздердин жардамыңыздарга муктажбыз. Баламдын жаркын келечеги үчүн жардамыңыздарды аябайсыздар деп ишенем.
Ар бир кылган тилегиңиздер, кошкон салымыңыздар уулумдун келечегине болгон чоң үмүт", - деп кайрылган Ализа Табалды кызы.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
О!ДЕНЬГИ: +996 704 17 19 26 Ализа Т
(Единица да салса болот);
РСК BANK Элкарт: 9417 5594 4072 0954 Aliza Tabyldy kyzy;
Bakai bank VISA: 4714 2400 0176 5453, +996 704 17 19 26 Aliza Tabyldy kyzy;
Demir bank VISA: 1180000051040192
Aliza Tabyldy kyzy;
Оптима BANK VISA: 4169 5853 5979 6058, +996 704 17 19 26 Aliza Tabyldy kyzy;
Mbank VISA: 4177 4901 9166 8500, +996 704 17 19 26 Aliza Tabyldy kyzy.