Бишкекете 20-ноябрда Борбор Азиядагы жогорку окуу жайлардын ректорлорунун форуму өтөт. Бул туурасында бүгүн, 15-ноябрда уюштуруучулар билдирди.
Маалымдалгандай, форумдун темасы: "Глобалдык чакырыктардын контекстинде Борбордук Азия университеттерин трансформациясы"
"Кеңешме билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды талкуулоого жана Борбор Азиядагы окуу жайлар ортосунда тажрыйба алмашууга арналат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, иш-чара Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында орун алат.