Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында 60 орундуу заманбап оорукана ачылды

Бүгүн, 15-ноябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында жаңы оорукана колдонууга берилди.Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 60 орунга эсептелген эки кабаттуу имаратты курууга республикалык бюджеттен 110 миллион сом бөлүнгөн.

"Аянты 900 чарчы метр болгон жаңы медициналык мекемеде терапия, төрөт жана гинекология бөлүмдөрү, ошондой эле балдар бөлүмү бар. Оорукана дарт аныктоо жана бейтаптарды дарылоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап жабдуулар менен жабдылган.
Ооган-Талаа айылынын 8500дөн ашык жашоочусу жана ага жакынкы аймактардын тургундары үчүн бул оорукананын ачылышы жашаган жерине жакын жерде сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров, Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов жана жергиликтүү тургундар катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан