Жалал-Абад шаарында 1-топтогу майыптыгы бар жаранды тоноого шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-ноябрь күнү милицияга Сузак районунун 25 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Аынын айтымында, 6-ноябрда кафелердин биринин жанынан белгисиз жаран 32 жаштагы агасынын көзү азиздигинен пайдаланып, колундагы телефонун жулуп кеткен.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Шектүү катары Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери уланууда.