Ошто 600 жумуш орундуу индустриалдык-логистикалык борбор ачылды

Бүгүн, 15-ноябрда президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кара-Суу районундагы “Евро Азия Групп” индустриалдык-логистикалык борборун ишке киргизүү аземине катышты. Бул туурасында өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жалпы суммасы 40 миллион долларды түзгөн долбоор жеке инвестициялардын жана фонддор менен банктардын колдоосунун негизинде ишке ашырылган. Борбор тигүү буюмдарын чыгарууга адистешкен жана долбоордук кубаттуулук жылына 1 миллион бирдикти түзөт. Муну менен 600 жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Президент өндүрүш менен таанышып, индустриалдык-логистикалык комплекстин ачылышы региондун өнөр жайын жана инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгилегендиги маалыматта айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан