Нарында 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн, 15-ноябрда Нарын шаарында 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, мектеп 3 блоктон турат. Эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы бар. Ошондой эле долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары китепкана, китеп окуу бөлмөсү, ашкана, дарылоо кабинети, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган.

Мектептин жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 141 миллион сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан