Жардыруу болот! Балыкчы–Кочкор унаа жолунун айрым чакырымдары бир айга жабылат

18-ноябрдан 18-декабрга чейин Балыкчы–Кочкор унаа жолунун 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейин жол кыймылы жабылат. Ал Кубакы ашуусунун бурулушуна чейин барат. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жабылуу курулуп жаткан темир жолдун 37-43-чакырымдарында жардыруу иштерине байланыштуу. Жардыруу иштери дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 8:00дөн 17:30га чейин жүргүзүлөт.
"Жардыруу иштери Балыкчы–Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү жолго чыгууну пландаштырууда бул маалыматты эске алууну суранабыз", - деп кошумчаланган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан