"Ат оюндары, сый тамак..." Чүй облусунда добуш сатып алууга шектелип бир талапкер кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда добуштарды сатып алуу фактысы аныкталып, бир талапкер кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, аталган факт боюнча милицияга 12-ноябрда маалымат келип түшкөн.

Тергөө амалдары жүрүп, натыйжасында Байтик-Баатыр айыл аймагынан талапкерлигин койгон С.А. иш-чараларды уюштургандыгы аныкталган. Ал 10 командадан түзүлгөн көк бөрүчүлөргө демөөрчү болуп, мелдеш уюштурган. Жыйынтыгында талакердин туугандары чыгып, катышуучулардан анын талакерлигин колдоп берүүнү өтүнгөн.

Спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө талапкер 10 миң сомго чейин акча каражатын бергендиги маалыматта кошумчаланган.

Бул факт болунча "Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, С.А тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан