16-ноябрда саат 8:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштерине тыюу салынып, "жымжырттык күнү" жарыяланат. Бул мөөнөт добуш берүү башталганга чейин 24 саатка созулат. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бул күндүн негизги максаты – шайлоочуларга тышкы таасирсиз өз тандоолорун бейкапар карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат.
Бул күнү саясий партияларга жана талапкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
• кайсы бир талапкерди же партияны колдогон же ага каршы үгүттөө;
• шайлоо программаларын талкуулоо;
• жаңы жарнамалык материалдарды жайгаштыруу.
Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат. Мурда жайгаштырылган үгүт материалдары, эгерде алар шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жерде жайгашса, ордунда тура берет.
"Эрежелерди бузгандыгы үчүн мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт. Бул саясий партияларга жана талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-басылмаларга жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына тиешелүү.
Ошол эле учурда шайлоо комиссияларынын маалыматтык иштерине жайылтылбайт. Алар алдыдагы шайлоолор тууралуу маалымат таратууну улантып, шайлоо мыйзамдарын жана добуш берүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүп, жарандарды добуш берүүгѳ үндөй беришет", - деп айтылат маалыматта.
БШК шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мыйзамдын талаптарын так сактоого жана шайлоочулардын эркин жана аң-сезимдүү түрдѳ негизделген тандоо укуктарын сактоого чакырат.