Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында милициянын ардагерлери менен жолугушуу болду. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата ардагерлер сыйланды.
Иш-чарада борбордук милициянын башчысы Азамат Токтоналиев ардагерлерге көп жылдык эмгеги жана кызматына терең ыраазычылыгын билдирип, аларга юбилейлик медалдарды жана белектерди тапшырды.
Өз кезегинде, ардагерлер кызмат өтөгөн жылдардагы эскерүүлөрү менен бөлүшүп, жетекчиликке ыраазычылык айтып, жаш кызматкерлер менен тажрыйба бөлүшүүнү улантууга даяр экендигин кошумчалашкан.