Кечээ, 16-ноябрда Кыргызстандын бардык аймактарында орун-жайдан тышкары добуш берүү болду. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо боюнча орун-жайдан тышкары добуш берүү үчүн катталган 8167 шайлоочу добуш берди. Өлкө боюнча жалпы 10 шайлоо участкасы аралыктан добуш берүү үчүн ачылды.
Белгилей кетсек, аралыктан добуш берүү үчүн 9536 арыз түшкөн. Кыргызстан боюнча шайлоо үчүн 2437 шайлоо участкасынын эшиги ачылды, ага 27 миң 327 шайлоо комиссиясынын мүчөсү ишке тартылды.
Айта кетсек, Бишкек шаарында аралыктан шайлоону каалагандар үчүн 4 шайлоо участкасы ачылган.