Өлкө боюнча 15 миңге жакын талапкер жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жарышка чыкты

Кыргызстандын жарандары 33 шаардык кеңеште 993 депутаттарды жана 231 айылдык кеңеште 5391 депутаттарды шайлашат. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, шаардык кенештердин депутаттарын шайлоо партиялардын талапкерлеринин тизмеси боюнча жүргүзүлөт. Орундар шайлоочулардын добушунун 5 пайыздан жогору алган саясий партиялар арасында пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 39 саясий партия катышып, 4822 талапкерди көрсөткөн, орточо конкуренция ар бир орунга 4 талапкерден келип чыгууда.

Айылдык кенештердин депутаттарын шайлоо көп мандаттуу шайлоо округдарында жүргүзүлөт, ал жерден шайлоочулардын добушун көп алган талапкерлер жеңүүчү болушат. Бул учурда ар бир айылдык кенеште 30 пайыз орун аялдар үчүн резервде сакталат.

Айылдык кенештерге 9 996 талапкер катталды, орточо конкуренция ар бир орунга 2 талапкерден болуп жатат.

БШК шайлоочуларга партиялар жана талапкерлер жөнүндө маалыматты «Талапкер» маалыматтык ресурсу аркылуу таанышууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан