Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосу өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы саат 12:00гө карата шайлоо участкаларында шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат берди.
Өлкө боюнча 351 миң 541 шайлоочу катышты. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 8.5 пайызын түзөт.
Алардын ичинен шаардык кеңештин депутаттарына 127 миң 704 жаран добуш берген. Башкача айтканда 1 миллион 620 миң 243 шайлоочунун 7.88 пайызы катышты.
Ал эми азырынча айылдык кеңештин эл өкүлдөрүн шайлоого 223 миң 837 жаран барган. Жалпы 2 миллион 514 миң 796 шайлоочунун 8.90 пайызын түзөт.
Мындан тышкары 2 652 жаран аралыктан шайлаган.