Борбордук шайлоо комиссиясы саат 14:00гө карата шайлоо участкаларында шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат берди.
Азырынча өлкө боюнча 580 миң 452 жаран шайлоого катышты. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 14 пайызын түзөт.
Алардын ичинен шаардык кеңештин депутаттарына 201 миң 585 жаран добуш берген. Башкача айтканда 1 миллион 620 миң 243 шайлоочунун 12,44 пайызы катышты.
Ал эми азырынча айылдык кеңештин эл өкүлдөрүн шайлоого 378 миң 867 жаран барган. Жалпы 2 миллион 514 миң 796 шайлоочунун 15 пайызын түзөт.
Мындан тышкары 3 541 жаран аралыктан шайлаган.