Зарыл иши бар милиция БШК мүчөлөрү менен Зардалыга кантип жетишти (видео)

Кечээ, 16-ноябрда Баткен облусунун эң алыскы, тоолуу аймагы болуп эсептелген Зардалы айылынын тургундары жергиликтүү кеңештин депутаттарына аралыктан добуш беришти. Баткен милициясы БШКнын өкүлдөрүн аталган аймакка коштоп барышкан. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирип, видеосу менен бөлүштү.

Тасмада милиция кызматкерлери, бир нече жарандар менен биргеликте тоо-ташты аралап бара жатканын көрүүгө болот.

“Шайлоо процессинин ар бир этабында ички иштер органдарынын кызматкерлери шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат жана өз ишин шайлоо комиссиялары менен биргеликте жүзөгө ашырат. Аралыктан добуш берүүнү уюштуруп жаткандардын да коопсуздугу милиция кызматкерлеринин милдеттерине кирет”, - деп айтылган маалыматта.

Зардалыга баруучу жол. Милиция БШКнын мүчөлөрүн коштоп барышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан