Бүгүн, 17-ноябрда Ысык-Көл районунун Бостери айылында милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсү Бакытбек Максутов өртөнүп жаткан батирлердин биринен жашы жете элек эки баланы куткарып чыкты. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, саат 11:30дар чамасында төртүнчү кабаттагы батирди тилсиз жоо каптап, тез эле балконго жайылган. Милициянын майору Бакытбек Максутов түтүндү дароо байкап, жардам сураган балдардын кыйкырыктарын угуп калган.
“Ал менен бирге эки жергиликтүү тургун да өрттү көздөй барган. Алар өз өмүрүн тобокелге салып батирдеги эки баланы коопсуз жайга алып чыгышкан. Балдардын кичүүсү төрт жашта”, -деп айтылат маалыматта.