Борбордук шайлоо комиссиясы саат 18:00гө карата шайлоо участкаларында шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат берди.
Азырынча өлкө боюнча 969 миң 787 жаран шайлоого катышты. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 23,45 пайызын түзөт.
Алардын ичинен шаардык кеңештин депутаттарына 332 миң 207 жаран добуш берген. Башкача айтканда 1 миллион 620 миң 243 шайлоочунун 20,50 пайызы катышты.
Ал эми азырынча айылдык кеңештин эл өкүлдөрүн шайлоого 637 миң 580 жаран барган. Жалпы 2 миллион 514 миң 796 шайлоочунун 25,35 пайызын түзөт.
Мындан тышкары 4 716 жаран аралыктан шайлаган.