15-ноябрдан 16-ноябрга караган түнү Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнөлүк антирейтингде Индия менен Пакистандан кийинки үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Movegreen.kg Instagram баракчасына жазып чыгышты.
AQAir авиакомпаниясынын маалыматы боюнча, Бишкекте абанын сапатынын индекси (AQI) 325ке жетип, калктын бардык катмарынын ден соолугуна коркунуч туудурган кооптуу деңгээлге жетти.