Чүй облусунда психотроптук заттарды сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга өлкө аймагында баңгизат жана психотроптук заттарды ири көлөмдө сатуунун туруктуу каналын уюштурган белгисиз адамдар тууралуу маалыматтар түшкөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 38 жаштагы жаран кармалган. Аны тинтүү учурунда сол чөнтөгүнөн ачык түстөгү скотч менен оролгон бир брикет табылган. Брикеттин ичинде "30х2" деген жазуусу бар 36 даана кызыл түстөгү термо пакеттер болгон.
"Термо пакеттин ичинде өзгөчө жыты бар ак түстөгү порошок болгон. Бул зат эксперттин корутундусуна ылайык, мефедрон психотроптук заты экени аныкталды. Кылмыш ниетин ишке ашырып, психотроптук заттарды сатса мыйзамсыз киреше 310 миң сомдон ашышы мүмкүн эле", - деп айтылат маалыматта.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.