Кур тагынбай унаа башкарган милиция кызматкери айып пул төлөмөй болду

Бишкекте кур тагынбай, телефон менен сүйлөшүп унаа башкарган милиция кызматкери айып пул төлөмөй болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкери жеке унаа каражатын башкарууда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 1000 сом жана уюлдук телефону менен сүйлөшүп бара жаткандыгы үчүн 3000 сом өлчөмүндө айып пул төлөйт.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-ноябрда жол тескөөчү уюлдук телефон менен сүйлөшүп, кур тагынбай унаа башкарып бара жаткандагы учур видеого тартылып, социалдык тармактарга тараган.

Телефон менен сүйлөшүп, кур тагынбай унаа башкарган милиция кызматкери айып пул төлөдү 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан