Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Сүйүмбаев көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү, узундугу дээрлик 2 чакырымды түзөт.
"Иштер үч этапта жүргүзүлүп, биринчи этапта Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү, экинчи этапта Чүй проспектисинен Атай Огонбаев көчөсүнө чейинки жана үчүнчү этап Огонбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү бүткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, капиталдык оңдоодо асфальттын эски катмары алынып, бордюрларды алуу жана орнотуу, түтүктөр үчүн кутуларды орнотуу иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары эскирген түтүктөр "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы тарабынан алмаштырылды.