Бишкек шаарында тоноого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 7-ноябрга караган түнү Кулиев көчөсүндөгү дүкөндүн жанында болгон. Анда жабырлануучуга кол салган белгисиз жарандар анын бел тарабына бычак сайып, телефонун жана 45 миң сомун тартып алышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 29, 26, 27 жана 20 жаштагы жарандар кармалып, камакка алынган.