18-ноябрда эртең менен Түндүк Корея Түштүк Кореяга үч жумалык тыныгуудан кийин 40ка жакын таштанды шарын учурду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Таштанды шарларынын жарымы Сеул аймагына жана борбордук Кёнги провинциясына түшкөн.
Маалыматта ошондой эле ташталган буюмдар Түштүк Кореяны сындап жазылган кагаздар экени жана кооптуу нерселер жок экени айтылат.
Сеул Түндүк Корея таштанды шарларын учурууда чектен ашкандыгын билдирди.
"Түндүк Кореянын аракеттери чектен ашат. Биз дагы бир жолу катуу эскертебиз, мындан кийинки окуялар үчүн бардык жоопкерчилик Түндүк Кореяга жүктөлөт. Мындан ары биздин аскерлердин чыдамкайлыгын сынабагыла", - деп айтылат билдирүүдө.