Чоң-Алай районунун Доорот-Коргон айылында кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер демонтаждалды. Бул тууралуу кечээ, 18-ноябрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Доорот-Коргон айылындагы ички жолдордун биринде кызыл сызыктан жана тротуарга чыгып кеткен 5 курулуш объектиси буздурулду.
Мамлекеттик курулуш агенттиги мындай иштер дагы болорун айтты.